«Кавказ-Реалии» сайты билдиргендей учурда, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жана бир топ мамлекеттик кызматкерлер жапырт чачын кырдырууда. Анткени дүйшөмбү күнү коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү жашоочу чач тарачтарды ачууга болор-болбосун сураган. Анда Кадыров «баарыбыз чачыбызды кырдырып салсак жаман болбойт» деп жооп берген эле.

Кечээ, 21-апрелде Кадыров «Инстаграмдагы» баракчасына чачы кырылган сүрөтүн киргизген жана, «Сулуулук салондору жабык, үйдө да чач тарач жок. Биздин бабаларыбыз ушундай кылышкан» деп, жазып калтырган.