Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 22-апрелде саат 4:45те коронавирус жуктуруп алган 53 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, аял ооруканага 5-апрелде жаткырылган.

«Бейтапта коронавирустан тышкары кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертониялык оору, жүрөк оорусу жана башкалар болгон», — деди башкы дарыгер.

Кыргызстанда коронавирус илдетинен каза тапкандардын саны 8 адамга жетти.