Апрелдеги сууктан улам өлкөнүн агрардык сектору дээрлик 301 млн сом зыян тартты.

Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

“Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарында 2020-жылдын 8-9-апрелинде жүргөн үшүк агрардык секторго олуттуу зыян келтирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, чыгашалар 301 млн 433 миӊ сомду түздү”, — деп билдирди КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев.