Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаевдин бүгүнкү онлайн брифингде айтуусунда, Бишкектин көчөлөрүндө эл өтө көп деп Кытай жана Польшадан келген дарыгерлер эскертүү берген. Ошону менен бирге көмөк көрсөтүү үчүн келген дарыгерлер тобу, бөлмөлөрдү атайын каражаттар менен жууп, колду бат-баттан жууп, баарлашууда дицтанцияны сактоого чакырган.

«Биз кичинекей жерде көп кишилер чогулуп жатабыз. Бул да инфекцияны таратуунун бир жолу. Алардын айтымында, ар кандай жагдайларга байланыштуу көчөдө киши аябай көп, бул көрүнүп эле турат»- дейт Нурболот Усенбаев.