Улуу ата мекендик согуштун 75 жылдык мааракеси 9- майда белгиленмек. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу Афган согушунун ардагерлери 9- май күнү кечки саат 21:00дө терезеге шам жагуу менен белгилесек деген сунушту айтышууда.

«Өлкөдөгү кырдаалдан улам жеңиш күнүн майрамдоо жылдырылды. Бул майрам Кыргызстан үчүн өтө маанилүү, биз аны белгилей коё албайбыз. Андыктан биз үчүн өмүрүн берген аталардын урматына, 9- май күнү саат 21:00 дө терезелерге шам жагалы»- деп айтылат билдирүүдө.

Бул акцияны театр актерлору жана ырчылар колдошууда.