Эртең 23- апрелде Абдылдас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыевдин 80 жылдык мааракесине арналган концерт берилет. Бул тууралуу опера жана балет театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, онлайн концерт эртең саат 18:00 дө КТРК Маданият каналы аркылуу көрсөтүлөт.

Концертке Эл артисти Керим Турапов, Эмгек сиңирген артист Бактыбек Ыбыкеев, Кайымбек Кускаков, Эл аралык конкурстардын лауреаты Глеб Ким жана Бактыбек Алмабеков, Бактыгул Бокоева, Оксана Шутова, Ангелика Федорова, Нуржигит Асанов, Данияр Долотбаковдор катышаары күтүлүүдө.