Американын Миссури штатынын эпидемия тараткан деп Кытайга кине коюу менен байланышкан доо-арызы «Барып турган кара өзгөйлүк» — деди КЭР ИИМ расмий өкүлү Гэн Шуан.

Белгилей кетсек, Миссури штаты коронавирус пандемиясы боюнча кине коюу менен КЭРди сотко берген жана доо-арызда Кытай маанилүү маалыматты жарыя кылбай, оору тууралуу айткандарды коркутуп-үркүтүп, оору адамдан-адамга жугат деген фактыны жокко чыгаруу менен миллиондогон адамдардын вируска кириптер болуусуна шарт түзгөндүгү айтылат.

«Мунун өзү, башкача айтканда сот процесстери – барып турган бет тырмаарлык, кыянаттык иретинде жасалып жаткан кара өзгөйлүк» — деди Гэн Шуан брифингде. Ошондой эле доо-арыз кандайдыр бир факт же юридикалык далилдерге ээ эмес экендигин кошумчалап, АКШны мына ушундай кара өзгөйлүктөн баш тартууга, андан көрө күч-аракетин эпидемиянын жайылышына бөгөт коюуга жумшоого чакырды.

Белгилей кетсек АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Кытай COVID-19 эпидемиясын тараткандыгы үчүн айыпка жыгылаарын жана АКШ бул багытта иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын айткан.