Бүгүн, 22-апрелде, Новосибирск шаарындагы кыргызстандыктар жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө Бишкекти көздөй учмак. Маалыматка ылайык, рейсти 300дөн ашуун, мекендештер күтүп жатышкан. Бирок, учакка алардын жарымы батпай калды.

“S7 Airlines авиакомпаниясынын учагы 176 адамга ылайыкталган. Ага биринчи кезекте балдар, аялдар, кош бойлуу келиндер, улгайган адамдар менен ден соолугунан жабыркаган адамдар отургузулат. Элчилик бир нече ирет 300 орундуу учак берүүнү өтүнүп кайрылган, бирок S7 Airlines компаниясы учурда мындай мүмкүнчүлүгү жок экенин кабарлады”, — деп билдирди элчиликтен. “Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу техникалык мүмкүнчүлүктөр чектелип жаткандыктан учакка батпай калган жарандарды эмоцияга жана провокацияга алдырбоого чакырабыз”, — деп суранды элчиликтен.

Ошондой эле элчиликтен Россиянын өкмөтү менен кошумча рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди. Маалыматка ылайык мекендештер, суроолор болсо төмөнкү номерлер аркылуу элчилик менен байланыша алышат: +7 (499) 237 43 01; +7 (499) 237 44 61; +7 (925) 387 41 27