Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 абагы тарабынан бышырылган нандар ыктыярчылар аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн сайын жеткирилүүдө.

Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

«Элден элге бекер нан!” кайрымдуулук долбоорунун негизинде камкор жарандар жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын колдоосу менен таратылууда.

Аталган долбоордун демилгечиси, Бишкек шаарынын тургуну Алмаз Раимбеков бул ишти ал достору Руслан Ашымов жана Тынчтык Алтымышев менен бирге баштаганын айтты.

«Бул долбоор азды көп кылалы деген ой менен жаралды. Чындап эле, улам барган сайын аны колдогондор көбөйүүдө. Жакшы иштин жугуштуу болгону жакшы. Азыр  бизди 10 чакты  конуштар, кай бир аймактар, дүкөндөр, нан ташыган фирмалар да колдоодо. Андыктан, биз аларга, анын ичинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевге ыраазычылыгыбызды айтабыз», -деп билдирди.

Аталган долбоор боюнча ар бир конушта бирден ыктыярчы иштеп, ар бири муктаждар үчүн нанды 8-9 дүкөнгө  жеткирүүдө. Жалпысынан бир күндө 600гө жакын нан таратылып, 400дөй үй-бүлө камсыз болууда.

Жазаларды аткаруу мамлекетик кызматынын «Келечек» мамлекеттик ишканасынын кызматкери Ызаат Тургунбаева: «Бул акция боюнча демилгечилер Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевге кайрылышкан. Ал кишинин колдоосу менен бул акцияга катышып калдык. №47 абакка тиешелүү наабайканада нан ыктыярчылар алып келген азык түлүк менен  акысыз бышырылууда. Алгач 200 даанадан башталса, 6 күндүн ичинде 600 даанага көтөрүлдү», -деп билдирди.

Белгилей кетсек, №47 абакта 2 наабайкана бар. Мекеменин территориясындагы наабайканада соттолгондор үчүн бышырылса, сыртындагы наабайканада жасалган нандар Бишкек шаарындагы аскер бөлүмдөрүн камсыз кылат. Мында күнүгө 1600 кг ундан 3000ден ашык нан чыгарылат.

Демилгечилер нанды жабууда жана таратууда коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча эрежелеринин баары сакталып жатканын кошумчалашат.