Борбор калаанын көчөлөрүнө коюлган бетон тосмолор алынды. Бул тууралуу Бишкек комендатурасынан кабарлашты. «Бир күндө «Тез жардам» кызматына 500дөн ашуун чалуулар келип түшүүдө. Мындан улам биз анализ кылып көрүп, бетон блокторду алууну чечтик. Себеби «Тез жардам» кызматы айтылган даректерге кире албай калууда»,  — деп билдирет комендатура. Эске салсак шаар ичинде 77 көчөгө бетон тосмолор коюлган эле.