Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындын ордун карындашы Ким Ё Чжон өлкөнүн жаңы лидери болуп ээлеши толук мүмкүн.

Анткени, дүйнөлүк басылмаларда жазылганай, учурда өлкө башчынын ден соолугу жакшы эмес. Ал эми карындашынын лидер болуусун, 2019-жылдын аягында Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин пленумунда Ким Чен Ын күтүлбөгөн жерден каза болуп калса, бийлик анын карындашы Ким Ё Чжонго өткөрүлөт деген чечим кабыл алынгандыгы менен түшүндүрүшүүдө.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын 15-апрелде өткөн чоң атасы Ким Ир Сендин туулган күнүнө арналган эскерүү зыйнатына келе алган эмес.

 Айың кептерге караганда, ал жүрөк-кан тамыр ооруусуна байланыштуу жасалган операциядан соң абалы жакшы эмес экендиги айтылууда.