Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 88 жаран жеткирилип, 6 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 56,

Жалал-Абад шаары боюнча – 13,

Ош шаары боюнча – 5,

Нарын шары – 5,

Ат-Башы району боюнча –7,

Сузак району боюнча –1,

Кара-Суу району боюнча –1.

Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3255 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы