Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкеркоронавирус жуктуруп алган.

Алардын ичинен Ош облусунда 1, Ош шаарында– 1 жана Бишкек шаарында үч.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 162 учур катталды.

Бүгүнкү күнгө карата 45 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.