Америкалык дарыгерлер эки мышыктан коронавирус аныкташты. Маалыматка ылайык, эки мышык тең Нью-Йоркто табылган. Дарыгерлердин божомолунда, аларга вирус адамдардан жугуусу мүмкүн. Мышыктар ооруну жеңил көтөрүүдө, андыктан ветеринарлар алар жакында айыгат деп күтүшүүдө. Маалым болгондой эки мышык штаттын эки башка аймагында жашайт.

Эске салсак, буга чейин вирустун жаныбардан адамга жуккан учуру катталган эмес. «Биз адамдарды дүрбөлөңгө салып, үй жаныбарларынан коркушун каалабайбыз» деп билдирген Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборунун кызматкери Кейси Бартон.

Адистер пандемия учурунда үй жаныбарлары барларга аларды башка жаныбарлардын жана адамдардын жанына бааруусуна көңүл бөлүп, алар менен алыс болууга чакырган.