Түркиядан келген жарандардын арасында коронавирус илдетин жуктуруп алгандар бар экенин 23-апрелдеги брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, келгендердин көпчүлүгү үй карантинине чыгарылган.

“Түркиядан келгендердин арасында илдет чыгып калгандар дагы болду. Аларды ооруканаларга жаткырдык. Ал эми калгандарын кайталап анализ алып, телефондоруна тиркемелерди орнотуп үй карантинине чыгардык. 14 күндөн кийин кайра анализдер алынат. Алар үй карантининде да дарыгерлердин көзөмөлүндө болот”, — деди Үсөнбаев.

Буга чейин Түркиядан 212 кыргызстандык жаран келген.