Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, дүйнө жүзү боюнча коронавируска каршы жыйырмадай вакцина иштелип чыгып жатканын билдирди.

Жарандарга алгачкы сыноо АКШ менен Кытайда башталганы белгилүү болгон. Ал эми Орусия алты вакцинаны сынап жатканын билдирген. Адистер коронавирустун вакцинасын массалык түрдө колдонуу 2021-жылдын башына туура келээрин айтышууда.

Германия учурда вируска каршы вакцинаны каалоочуларга сынай турганын маалымдады.Вакцинаны Майнц шаарындагы BioNTech компаниясы ойлоп тапкан.  Адистер BioNTechтин дарысынын алдын ала келечеги бар деп баалап жатышат.

Жалпы дүйнө жабыркап жаткан пандемияга каршы вакцина, сыноолордон өткөн соң жалпы коомго колдонууга уруксат берилээри айтылууда.