????????????????????????????????????

Комендатура борбор калаанын кесилиштериндеги бардык бетон тосмолорду алды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

“Күнүнө тез жардам кызматына шаар тургундарынан 500дөн ашык чалуу келип түшөт. Буга байланыштуу орнотулган блоктор тез жардам жана башка куткаруу кызматтарын чектебеш үчүн экинчи даражадагы жолдорго кирүүнү жана чыгууну башка мөөнөткө кийинкиге калтыруу чечими кабыл алынды”, — деп билдирди Бишкектин коменданты А.Орозалиев.