Кыргызстандын гимнин да сыйлабаган, басса-турса кийип жүргөн ботинкеси да өзүнө жакпаган, бул жарыкчылык дүйнөнүн бир жакшы жагын көрө албаган Адахан Мадумаров деген бузулган саясатчы бар эмеспи? Анын бузулганын ушундан билиңиз, тээ Акаевдин убагындагы тунугураак жүзү Бакиевдин доорунан тарта кадимкидей карайып, жүзүкара кишинин образындай болуп калган. Президент болсом дегенде эки көзү «үч». Бийликти гана самайт, мансапты жанынан жакшы көрөт. Башкалардын үстүнөн түшүп, басмырлап сүйлөгөндөн ырахаттанат. Бирок, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошоюн, элимдин жашоосу оңолсун деген кыпындай ниети жок. Болбосо, Бакиевдин доорунда спикер, Коопсуздук кеңешинин катчысы, вице-премьер-министр, мамкатчы сыяктуу үлкөн кызматтарда жакшы эле отурган. Колунан иш келсе, ошондо жасайт эле го.

Мына ушул Мадумаров эми актаңдай акын, жалпы кыргыз элинин сүймөнчүгүнө айланган улуу талант Элмирбек Иманалиевдин өлүмүнөн да саясат жасап, аны өзүнүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын менчигине басып алып отурат. Дароо эле пиарщиктерине өздөрүнүн партиясынын логотибине Э. Иманалиевдин сүрөтүн коюп интернет айдыңына кое беришти. Анан дагы «Э. Иманалиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барам деп жатты эле» деген «өрдөктү» учурушту. Мындай акылга сыйбаган жорукту бети бетондолуп калган гана акмак саясатчылар жасайт эмеспи. Анан дагы Мадумаров өзү маалымат каражаттарынын бирине маек куруп, «Элмирбек Иманалиевди акыркы жылдарда КТРК, ЭлТР телеканалдарына таптакыр жолотпой коюшту. Себеби чындыкты чыркыраган жерден алар чыгарышпайт да, билебиз да. Анан көзү өтүп кеткенден кийин жалган сезимдер менен барып сүйлөгөн сөздөрүн бүгүн уктуңар да», — деп маек берди. Адахан мырза акырет сурагынан корксо, анда ушундай жалганды айтат беле? Элмирбек Иманалиев КТРКдан да, ЭлТРден да эч кандай кодулоо көргөн жок. Тескерисинче, КТРКда «Төкмө келсе төр бошот» деген долбоорун байма-бай чыгарып келбедиби. Же муну эл билбейт деп ойлойбу?

Ошол эле телеканалдарда иштеген бир топ журналисттер, чыгармачыл инсандар менен Э. Иманалиев үй-бүлөлүк катыштыгы бар, ынак достордон болгонун да эл билет. Мадумаровго караганда ак таңдай акыныбызды ошол КТРК менен ЭлТРдин кызматкерлери эң жакшы билишет эле. Айтор, Адахан мырза бийликке, мансапка болгон көксөөсүнөн улам анык келесоо болгону калыптыр.

Кыргыз-казакка бирдей кадыр-барктуу залкар акындын арбагынан коркпой, анын эми эч нерсе деп үн чыгара албастыгынан пайдаланып, «парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» менен бармак» деген сыяктуу ушактарды чыгарып жатканы келесоолук эмей эмне?

Эмнеге көзүнүн тирүүсүндө ушул залкарыбыз тууралуу бир жолу жылуу сөз айтып койбоду эле? Эми көзү өтүп кеткенден кийин ага өтө жакын адамдай болуп чыга калып жатканы адамдык касиетке жатабы?

Элмирбек акын: «Кырып-кырып кырды жейт, сыйрып-сыйрып сырды жейт» деп айткан ыр саптары дал ушул Мадумаровго да тиешелүү экенин унутпаса. Же Каркыраны казактарга кантип бергенин унутуп калдыбы?

Баткендеги 275 метр кыргыздын жерин тажиктердики деп тапканынчы? Мына ушул чыккынчылыктар тууралуу Элмирбек акын эзилип ырдап, сыздап жүрүп өтүп кетпедиби? Аны Мадумаров мырза түшүнгүсү да келбесе керек.

Жаныбек Аширов