Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Ал учурдагы кырдаалды эске алуу менен жарандарды конок чакырып, үйгө көп кишини чогултуу жана массалык намаз окуу болбостугун эскертти.

«Рамазан айында ооз ачтыруу сооп иш, бирок бул жылы түзүлгөн кырдаалды жана чектөөлөрдү эске алып, аларды өткөрүүгө тыюу салынды. Ыйык айда быйыл дагы да көбүрөөк сабырдуу болууга чакырабыз. Конок чакырып, үйгө эл чогултуу жана массалык намаз окуу өткөрүү болбойт”, — деп маалымдады Бишкектин коменданты А.Орозалиев.