Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
«Айыгып чыккандар менен ооруну жугузгандардын ортосундагы айырмачылыктан улам адис катары коронавирустун бийик чегине жетип калдык деп ойлойм», – деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар 631 адамга жетти. Алардын 302си айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Буга чейин адистер өлкөдө оорунун жайылышынын туу чокусу 20-24-апрель күндөрү болот деп болжошкон.