Шаар ортосундагы сейил бакта чөөлөр сейилдеп жүрүшөт (видео)

260

Израилдин Тель-Авив шаарында жайгашкан жергиликтүү сейил бакты чөөлөр каптап жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Яркон деген аталыштагы жергиликтүү сейил бакта адамдар спорт менен алектенип, велосипед, скейтборд тээп жана жөн гана сейилдеп жүрүшчү. “Ал жакта ири концерттер өткөрүлүп турар эле. Бирок азыр карантиндин шартында аталган сейил бак бош калды. Адамдардын ордуна шаар четиндеги чөөлөр келип сейилдеп, өздөрүн эркин сезе башташты”, – деп айтылат маалыматта. Булак: Назар ньюс