Кыргыз Унаа Курулуш. Бул Кыргызстандагы автоунаа курулуш индустриясынын чыныгы лакомотиви болуу менен өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыздамакчы.

Учурда заводдо автоунаа тетиктери, суу насостору, гидро-электростанцияларга керектүү жабдыктар, дизелдик жана бензин системаларындагы генераторлор, ошондой эле станоктор чыгарылат. Ишканада 16 000 кв метр өндүрүштүк жай, 2000 кв метр кампа бар. Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасы 150 млн долларды түзөт.

Белгилей кетчү нерсе, ишкана Россия жана Европадан алынып келинген жогорку сапаттагы тетиктер менен жабдылган. Заводдун максаты өлкөнүн эң алдыңкы иштеп чыгаруу тармактарынын катарын толуктоо, калктын социалдык өнүгүүсүн, экологиялык жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.