“Жеңишке 75 күн” акциясында Токмок шаары жана Чүй районундагы бала бакчалардын тарбиялануучулары ата-энелери менен биргеликте пластилин, кагаз жана башка материалдардан каармандык-мекенчилдик темадагы эмгектерди даярдашты.

Акциянын алкагындагы кароо-сынакка 18 бала бакчадан 120 эмгек сунушталды.

Учурда саамалыктын экинчи этабы мектеп окуучуларынын арасында дистанттык түрдө башталды. Мында балдар каармандык-мекенчилдик темадагы ырларды көркөм окуп, видеого тартып жөнөтүшөт.

Токмок шаарына жана Чүй районуна караштуу мектеп, бала бакчаларында “Жеңишке 75 күн” акциясы февраль айында башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы