Бишкек шаарынын тургуну, ишкер Арстан Акбаров шаар башчысына кайрылуу жасады. Учурда шаар ичинде бир топ жолдор оңдолууда. Ошондой оңдолуп жаткан жолдордун бири День Сояпин көчөсү. Курулуштун жүрүшүндө жаралган туура эмес жагдайларды айтып окурманыбыз кайрылды. Анткени жол куруп жаткандар ошол жерде жайгашкан кафелерге келген жарандарга унаа токтотуучу жайды караштырган эмес. Ишкерлерди кыжаалат кылган жагдайлар тууралуу айтышып Суракматовго кайрылуу жасашты.