Кара-Суу районундагы социалдык жактан аз камсыз болгон, турмуш шарты оор, ата-энесинин камкордугунан ажыраган аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдарына, ата-энеси миграциядагы окуучуларга айыл өкмөттөрү, демөөрчүлөр жана кайрымдуулук фонддору тарабынан колдоолор көрсөтүлүүдө.

Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук фонду тарабынан социалдык жактан аз камсыз болгон, турмуш шартты оор, коп балалуу, ата-энеси миграциядагы, толук эмес үй-бүлөлөрдөгү 8972 окуучунун үй-бүлөсүнө 3 миң кап ун (50 кг), 3 миң даана 3 литрлик өсүмдүк майы, 20 миң даана медициналык бет кап таркатылды.

Социалдык жактан колдоого муктаж болгон, айрыкча, турмуш шарты оор, аярлуу уй-бүлөлөрдөн ушундай окуучулар үчүн айыл өкмөттөрү жана демөөрчүлөр тарабынан 108 телевизор жана 76 окуучуга уюлдук телефондор берилди.