Бишкек шаарында ысык сууну өчүрүү маселеси боюнча маалымат жок. Бул тууралуу АКИpress агенттигине мэриядан билдиришти.

Ал эми «Бишкек жылуулук» ААКтын маалыматы боюнча, өзгөчө абал учурунда ысык суунун өчүрүлүшү күтүлбөйт. «Аяктагандан кийин биз бул маселени карайбыз», — деп маалымдашты.

Жыл сайын ысык суу май айынын биринчи жарымында бир айга чейин өчүрүлөт. Бул техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп, жылуулук керектөө тутумдарынын сапаттуу жана өз убагында даярдалышын камсыздоо максатында жасалат.