Өзгөчө абал режими маалында 13 миңге жакын ымыркай жарыкка келди

498

Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилген учурдан бери 12 миң 367 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Алардын 6406сы кыз болсо, 5951и эркек бала.

Ошондой эле 24 эгиз ымыркай жарыкка келген.

Жакында эле улуттук статистика комитети Кыргызстандын калкы 6,5 млн. го жеткенин маалымдаган.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режими 25-мартта башталган.