Май айында майрамдарга байланыштуу кыргызстандыктар 1-майдан 5-майга чейин эс алышат.

Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдирди.

«Эгер карантин жоюлса мамлекеттик органдар 6-майда жумушка киришет. «Жыл башында дем алыш күндөрдү жылдыруу жөнүндө» токтому кабыл алынган. Ушул жарлыкка ылайык, май айында кыргызстандыктар 5 күн эс алышат. Эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок», — деп айтылат маалыматта