Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө №1 лицейде дене тарбия мугалиминин өлүмүнөн кийин окуучулар үйлөрүнө таратылган. Маалым болгондой мугалим Хуршед Каримов өпкө оорусунан улам көз жумган. №1-лицейде 400дөн ашуун окуучу билим алат. Ал эми тажик бийлиги тынчсызданууга негиз жок экенин, план боюнча №1-лицейде дезинфекция жүргүзүлөөрүн маалымдаган. Лицейде каза болгон мугалим менен чогуу иштеген кесиптеши Хуршед Каримов эки жума мурун пневмония белгилери менен ооруканага жаткырылганын билдирди. Маркумдун туугандарынын айтымында, каза болгон мугалимдин сөөгү жакындарына берилген эмес, аны хлорго чыланган кепин менен көмүшкөн.

Эске салсак, буга чейин тажик бийлиги өлкөдө коронавирус жуккандар жок экенин билдирип келет. Бирок, өлкөдө бир канча жаран пневмония оорусу менен көз жумган. Мындан улам жарандар Тажикстанда коронавирус жүрүүдө деп шек санашууда.