Бул тууралуу брифингде Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, ички өндүрүшкө калк арасында муктаждык пайда болууда.

“Биздин облуста чоң үч цемент завод бар. Ноокатта ЮГЦЗ заводу жана Аравандагы цемент заводдор ишке кирди. Аравандагы 2 завод ишин активдүү баштаганына 3-4 күн болуп калды. Аларды санитардык нормалар менен кезеке коюп жатабыз, анткени ички рыногубузда муктаждык пайда болду. Анан ЮГЦЗ заводуна да тетиктер керек болуп, биз Кытайдан тетик буйрутма берип жардам көрсөттүк. Ал тетиктер кечээ алынып келинди»,-деди Жылкыбев.