Урматтуу мекендештер!

Ар бир аткан таңды амандыкта, саламаттыкта көрүү – Кудайдын бизге берип келаткан улуу белеги. Андыктан таңды амандыкта, бүтүндүктө тосуп алып жатканыбызга Жаратканга чексиз шүгүр келтиребиз. Адам баласы үчүн ар бир күн, ар бир ай, ар бир жыл маанилүү.
Ошентсе да Кудайдын адам баласына жылына бир жолу берүүчү ыйык Рамазан айы бар. Бул жылы да Жараткандын амири менен ыйык Рамазан айы босогобузга кирип келди.

Бул жалганда билип-билбей жасаган күнөө иштерибиз, билип-билбей кетирген катачылыктарыбыз үчүн Жараткандан жалбарып кечирим суроого, кечирим алууга эң чоң мүмкүнчүлүк берген ыйык ай.
Акыркы бир айдай убакыттан бери дүйнө мамлекеттерин апкаарытып турган COVID-19 эпидемиясы сүйүктүү Кыргызстаныбызга да кедергисин тийгизип турат. Илдетке чалдыккандардын саны күнүнө орточо эсеп менен 20 адамга көбөйүүдө. Кубанта турган жагдай – илдеттен айыгып чыккандардын саны да арбып баратат. Күйүткө салганы 8 адамдын набыт болгону болду. Бул илдеттин өлкөбүздөн, дүйнө жүзүнөн эртерээк жоголуп, кадимки жай турмушубузга кайтып келсек дегенде көздөрүбүз жайнап турат.

Жараткан өзү жар болуп, бул оор эпидемиядан элибизди сактап, эртерээк куткарсын деп тилейли.
Ыйык Рамазан айы – кечиримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, тазалануунун, аруулануунун айы. Баарыбыз бирге адам баласынын билип-билбей жасаган күнөө иштери, билип-билбей кетирген катачылыктары үчүн Жараткандан жалбарып кечирим сурайлы.

Таарынышкандар болсо бири-бирин кечиришсин. Жардамга муктаж болуп турган мекендештерибизге, кошуна-колоңго, дос-тууганга кайрымдуу бололу. Жандүйнөбүздү, ойлорубузду тазалайлы, аруулайлы.
Жараткандан дүйнө жүзүнө тынчтык тилейли.

Дүйнө элдеринин катарында Кыргызстанда да тынчтык, ынтымак-ырашкерлик болсун. Мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетпесин! Ниети бузук, котур ташы койнундагылардын пландары, максаттары таш капсын! Элибизде токчулук, жергебизде молчулук болсун! Суубуз тунук, асманыбыз ачык болсун! Ар бир үй-бүлөдө балдардын бактылуу жүзү, наристе күлкүсү жаңырып турсун!
Ыйык Рамазан айы өлкөбүздөн коронавирус илдетинин чыгып кетишине өбөлгө болсун.
Баарыңыздарга бакубат жашоо, бактылуу турмуш каалайм! Мамлекетибиз күчтүү мамлекеттердин катарына кошулсун! Бар болуңуздар! Ыйык Рамазан айы кут болсун!

Урматым менен, Каныбек ТУМАНБАЕВ