Баткен облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон тапшырылды

409

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата, Баткен районунда жашаган  4 ардагерге 75 миң сомдон берилди. 

Мындан сырткары, тылда эмгектенген 56  эмгек ардагерине, ар бирине 15000 сомдон берилди.

Мындай колдоолор облустун бардык аймактарындагы согуш ардагерлерине көрсөтүлөт. 

Эске салсак, Баткен облусунда учурда УАМ согуштун 10 ардагери бар.

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы