“Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн жалпы 11 миӊ 961 койка орундук даярдалды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ тарабынан талаа шартында дагы 3872 орундук даярдоо пландалууда.

Аскаров кошумчалагандай, үч маал тамак-аш менен иш-чараларга тартылган кызматкерлер жана обсервацияда жаткан жалпы 35 617 жаран камсыздалды, бул үчүн 10 млн 277 миң 590 сом жумшалды.