Пакистанда дарыгерлер чогулуп намаз окууга каршы чыгышты

Пакистандык дарыгерлер мечиттерде топтолуп намаз окууга каршы экенин билдирип, өлкөнүн премьер-министри Имран Хан жана дин кызматкерлерине кат жолдошкон.

“COVID-19 илдетин ооздуктоо үчүн күчөтүлгөн карантин зарыл. Бирок биздин жетекчилер туура эмес чечим кабыл алышты. Диний аалымдар да олуттуу мамиле кылышкан жок”, – дейт Пакистандык дарыгерлер биримдигинин башчысы Кайсер Сажжад.

Эске салсак топтолуп намаз окуу Орозо айынын келишине байланыштуу кабыл алынган.