КЭР Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Гэн Шуан шейшемби күнү өткөн брифингде: «Өлкөдө жапайы жаныбарларды саткан базар жок» -деген билдирүү таратты.

Эске сала кетсек, буга чейин АКШ Мамкатчысы Майк Помпео мыйзамсыз соода-сатыкка каршы күрөшүү жана адамдардын ден соолугу үчүн болгон тобокелдиктерди азайтуу максатында Кытай менен бирге айрым бир мамлекеттердио бул өңдүү базаларды жабууга чакырган. Мамкатчынын айтуусу боюнча, балким дал мына  ушундай базалар COVID-19 вирусунун таралышына өбөлгө болууда.

«Биринчиден, мен Кытайда мындай базарлар жок экендигин белгилеп кетким келет. Бизде жапайы жаныбарлар сатылбайт. Кытайда жалаң гана фермердик базалар менен деңиз азыктарын саткан базарларды көрүүгө болот. Ал жерде жаңы түшкөн эт, балык, жашылча-жемиш, деңиз азыктары, ошондой эле айыл-чарба азыктары сатылат. Ал эми үй жаныбарларын саткан базарлар дээрлик жок» — деп кесе жооп берди дипломат журналисттердин суроосуна.