Бириккен Араб Эмираты Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

2020-жылдын 23-апрелинде Эл аралык “Манас” аэропорту “Etihad Airways” авиакомпаниясынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча жеке коргоочу каражаттар жана медициналык дары-дармектерди камтыган гуманитардык жүк менен келген самолетун тосуп алды.

Жардам көрсөтүү 2020-жылдын 6-апрелиндеги КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Абу-Даби Мураскер-принци, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын телефон менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жетишилген келишимдин натыйжасында ишке ашты.