Коом
Чаткалда 32 үй-бүлөгө сыналгы берилди
Чаткал райондук билим берүү бөлүмү профсоюз уюму менен биргеликте аймактагы мектеп, бала бакчаларда эмгектенген 81 (мугалим, кенже персонал) кызматкерге материалдык жардам көрсөтүштү.
Телевизорго муктаж үй-бүлөлөрдүн 32сине сыналгы жана 2 телефон берилди. Анын 18и мектептерден, калган 14ү демөөрчүлөрдүн жардамында чогултулду.
Мындан сырткары райондук штаб оор шартта жашаган окуучулардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк берди.
Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталгандан аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында аларга көмөк көрсөтүүдө.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы