Өгөй атасы жашы жетелек кыздарды зордуктоого аракет кылган факты боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми  кыздар үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Түп районунда жаран мас абалында өзүнүн жарандык никедеги аялынын кыздарына карата жосунсуз иш кылууга аракет кылган.

“Ал үй-бүлөдө үч кыз жана бир бала бар. Бүгүнкү күндө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 4 баланын баардыгы үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө жайгаштырылды. Башкармалыктын балдарга толук кандуу тарбиялоого шарттарды түзүү жөнүндө эскертүүлөрүнө карабастан, энеси балдары үчүн кооптуу кырдаал жараткандыгын эске алып, ата-энелик укуктарынан ажыратуу/чектөө маселеси каралып жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Бул үй-бүлөө Түп районунун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында аз камсыз болгон үй-бүлөө катары каттоодо турат.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук өткөн жылга караганда 65%га өскөн.

Abal.kg