Эгерде Ислам Респбуликасынын коопсуздугуна коркунуч жарата турган болсо ирандык аскерлер америкалык кемелерди ракеталык аткылоого алат. Бул тууралуу Ислам революциясын коргоо корпусунун командачысы Хосейн Салами билдирди.

«Ирандын жарандык же аскерий кемелеринин коопсуздугуна коркунуч жаратса, биздин аскердик күчтөр АКШнын террористик-деңиз күчтөрүнүн  согушчул бөлүктөрүн же кемелерин аткылоого алат. Бул тамаша эмес жана биздин тамашалашып отуралы деген ниетибиз жок»-деди ал IRINN телеканалына чыгып сүйлөгөн сөзүндө.

Тышкы саясий ведомстволуктун расмий өкүлү Аббас Мусавинин айтуусу боюнча Иран Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун «Персия булуңунда ирандык катерлер америкалык кемелерге коркунуч жаратууда»- деген кинесин четке каккан. Ошондой эле Иран ТИМи  АКШ кызыкчылыктарын коргоочу Швейцариянын Тегерандагы өкүлүн чакырып алып, аталган маселе боюнча америкалык бийликке нота жөнөткөнүн билдирген.

Эске сала кетсек, АКШ Аскердик коргоо күчтөрүнүн Борбордук  командачылыгынын маалыматы боюнча 15-апрель күнү Ислам революциясын коргоо корпусунун катерлери Персия булуңунда америкалык кемелерге коркунуч жаратышкан.