Бу, Өтүрүктө, Шумурайлар шуулдаган шум заманда, маң заманда, ар ким өз арбайын өзү согуп, ар намысы мененби, кур намысы мененби, биринен-бири озунуп, «мен кыйын!» деген ураан менен какая баскан жумуру баштар четтен чыгып, күндө бир « концерт!» бепбекер коюлуп….же ыйлаарыңды, же күлөөрүңдү билбей, эндиреген күндө калдык….

Эне тилибизди, адабиятыбызды, маданиятыбызды чанган  «Жоламандар, чувактар» четтен чыга баштады. Чыкканда да, будуң-чаны менен чыкты.. !
Бул, конгуроо! Бул баалуулуктарга карата мамилени, эски стереотиптерди түп-тамынынан бери өзгөртүп, жаңыча көз караш менен мамиле тутунбасак, бүгүнкү маң заманда кечээгидей Жоламандар, маңкуртизмге карай жол! – деп  кете берээрибиз бышык. Калаймакан кан заманда сүрмө топ бир ууч «акылдуулар» эле жыргап, өз билгендерин жасап… улуттук спецификалык өзгөчөлүгүбүзгө доо кетип, улуттук улуу элдик тарбия, нарк, барк, ырк сыяктуу ыйыктыктар жок болуп кетүү коркунучу турат …