Перуда укук коргоо органдарынын 1,3 миң кызматкери коронавирус оорусун жуктуруп алган. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министри Карлос Моран билдирген.

«Улуттук полицияда  кызмат өтөгөн 130 миң адамдын 80 миңи куралдуу күчтөр менен бирге көчөлөрдө күзөт жүргүзүшөт. Алардын 1,3 миңи бүгүн коронавирус оорусун жуктуруп алган», — деп билдирген Моран пресс-конференциянын жүрүшүндө.

Акыркы маалыматтар боюнча Перуда 20 914 адам COVID-19 вирусун жуктуруп алган болсо, алардын ичинен 572 адам бул оорудан каза тапкан. Перу президенти Мартин Вискарра бейшемби күнү өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартууга аргасыз болгон.

Эске сала кетсек ДССУ 11-мартта COVID-19 коронавирустук инфекциясын пандемия деп жарыялаган. Аталган уюмдун берген маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө аталган ооруну жуктуруп алгандардын саны 2,5 млн адамды түзсө, анын ичинен 175 миң адам жашоо менен кош айтышкан.