Россияда болжолдуу 40-50 кыргыз жарандары коронавирус жуктуруп алган

370

Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиздин арасында коронавирус жуктургандар бар экени айтылып келет. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы Элчилигинен буга чейин коронавируска кабылгандар бар экенин ырасташкан. Биз алардын так саны канча экенин билүү үчүн кайрылганыбызда буларга токтолду.

“Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Москва шаарынын саламаттыкты сактоо департаменти менен тыгыз иштешебиз. Биз аталган мекемелерге коронавирус аныкталгандардын арасында канча киши Кыргыз жараны экенин тактоо үчүн расмий түрдө кайрылганбыз. Бирок алардан “Биз жарандыгына карап бөлгөн жокпуз, биз үчүн баары бирдей” деп жооп беришти. Мындан улам бизде так статистика жок.

Бирок болжолдуу статистика бар, ага ылайык, 40-50дөй кыргыздан вирус аныкталган. Айрымдары ооруканаларда дарыланып жатса, айрымдары үйдөн дарыланып жатат. Элчиликтин алдында кыргыз медицина кызматкерлеринен турган ыктыярчылар тобу түзүлгөн. Учурда бул топ тиешелүү кызматтарды көрсөтүп жатат”,  – деди мекеменин маалымат кызматынан.

Булак: super.kg