ИИМ: 106 жаран эреже бузуп кармалып, 9 автоунаа атайын жайларга токтотулду

Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 106 жаран жеткирилип, 9 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 88,

Жалал-Абад шаары боюнча – 2,

Ош шаары боюнча – 5,

Нарын шаары – 1,

Ат-Башы району боюнча – 5,

Сузак району боюнча – 3,

Кара-Суу району боюнча – 2.

Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3361 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.