Кыргыз эл артисти, ак таңдай төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин сөөгү жерге жаап-жашырыла элек, анын өлүмүнө кабыл албай койгон ооруканадагы дарыгерлер күнөөлүү таризиндеги кептер тараган. Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов атасы тууралуу такталган, такталбаган кептерге пикирин билдирди.

Төмөндө Мукановдун социалдык баракчаларга калтырган пикирин сунуштайбыз:

“Ар ким ар нерсени айтып жатат. «Атаңды тез жардам менен ооруканага алып кетти”,- дегенден тарта түбѳлүк жайына жайгашуусуна чейин жанында жүргѳн адам катары, күйѳѳ баласы катары менин деле пикир айтууга акым бардыр?.. Дегеним, “антпей коюшуптур, минтип коюшуптур” деген сыяктуу кептер эч нерсеге татыбайт! Түшүнүктүү, «Кулак укса курсак кайнайт» болуп жатышы мүмкүн. Бирок, ошол сыяктуу сѳздѳр бир тыйынчалык пайда алып келээрине кыпындай эле ишеним болсо, үч уктаса түшкѳ кирбеген чоң жоопкерчиликти моюнума алып, сѳѳктү алып кетүүгѳ ѳз колум менен арыз жазып бербес элем. Албетте, ал иштин бардыгы атамдын бир туугандары менен кеңешилип, макулдашылып ишке ашты.
Биздин ѳтүнүч, эми ѳйдѳ-тѳмѳн сѳздѳрдү токтотуп, арбакты сыйлап, тынч коёлучу! Чын эле атам үчүн күйүп-бышкандар – багыштап куран окуйлу. Куттуу ай келип олтурат. Ошол учурда ѳтүп кеткен киши тууралуу ар кандай кептер айтылышы орундуу болбостур. Ѳзүн ЖМК санагандар ал маалыматтарды таратуу менен абийир таппастыр. Талаш жок, жакын санаалаштары аз эмес эле. Атамды урматтаган адамдары кѳп болгон үчүн, аза күткѳн жакындарына куурай башын сындыртпай, зыйнатын уюштуруп беришти. Тыюуга карабай, жанын оозуна тиштеп, топурак салууга келгендер кѳп болду, жалпы журту түп кѳтѳрүлѳ аза күттү. Бирок, биздин баамыбызда, Элмирбек Иманалиевдин атын ѳз кызыкчылыгына пайдаланып калууну кѳздѳгѳн “достор”, “сырдаштары” жайнап чыга келди. Аларга атамдын эки сап ыры менен гана жооп берүү орундуу деп эсептейм: Ѳлүмдѳн да бакыт издешет, Ѳлгүр, “ѳкүмат” болуп кѳнгѳндѳр”,-деп Мирзат Муканов айткан.

Элмирбек Иманалиев 20-апрелде оорудан улам кайтыш болгон. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Маркум каза болгон күндүн эртеси анын досу Кубат Болотканов жана шакирти Асылбек Маратов ЖМКларга маек берип, “Бишкетиги ооруканалар кабыл албай коюшкан” деп айтышкан.