Голливуд актрисасы Холли Берри «Bruised» («В синяках») тасмасын тартуу учурунда кандай жаракат алганын айтып берди. Бул тууралуу MMA Fighting маалымдады.

Америкалык актрисанын айтымында, тасмада профессионал мушкер – кыргызстандык Валентина Шевченко менен беттешүүгө туура келген. Ал Берриге «айрым сөөктөрүн сындырган» соккуларды узаткан. Актриса жаракаты тууралуу кенен айтып берген эмес. Ошондой эле ал Шевченко мыкты мугалим жана тасмага тартылууда мыкты шерик экенин айтты.

Бул тасмада Берри ММА мушкери катары роль жаратты, сюжет боюнча анын башкы атаандашы – Шевченко. Азырынча тасма экранга качан чыгары белгисиз. Актриса менен мушкер айым тасмага тартылгандан кийин достошкон. Берри Шевченко чемпиондук курун коргогон беттешке да барган.