Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бул жылы ыйык Рамазан айы пандемия жайылып, аны менен бирге, жазгы талаа жумуштары менен тең башталгандыктан, элди орозо кармоону кийинкиге калтырууга чакырган билдирүү таратты. «Биз суу ичүүдөн жана тамак жештен өзүбүздү тыюуну биле туруп, ден соолукка зыян келтирбешибиз, жаныбызды аяшыбыз керек. Себеби, ачка жүргөн адамдын иммунитети төмөндөйт жана оору жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт», — дейт Рахмон.

Ыйык Орозо айы бул жылы, мусулмандар жыл санагы боюнча бүгүн 24-апрелден башталды.