Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты У. Аалиев Нарын районундагы блок посттордун жана шаар ичиндеги фильтрациондук посттордун абалы менен жеринде таанышты

Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев Нарын районундагы блок посттордун жана шаар ичиндеги фильтрациондук посттордун абалы менен жеринде таанышты. Анда аталган жайда кызматта тургандарга түзүлгөн шарттар жана көйгөйлөр айтылды. Аталган посттордо 10дон ашык тиешелүү кызматкерлер күнү-түнү автоунаалардын кыймылын жөнгө салып жана жөө жүргүнчүлөрдүн саламаттыгы үчүн кирпик ирмебей иш алып барышууда. Маселен ар бир коюлган посттордон райондорго, айылдан шаарга, ооруган бептаптар кош бойлуу айымдар эч тоскоолдуксуз өтүшүүдө. Ошондой эле карапайым калктын муктаждыгы үчүн гуманитардык жардамдар, күйүүчү май, азык-түлүк, дары-дармектер ж.б да өз убагында айылдарга жетүүдө.

Мындан сырткары шаар ичинде уюштурулган жашылча жер-жемиш сатуучу көчмө жайлар жана дарыканалар текшерилип, сатылып жаткан жер-жемиштердин наркы көтөрүлбөй, баасы туруктуу сакталууда. Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты ар бир посттогу абалды текшерүү учурунда кызматкерлердин атайын коргонуучу кийимдерин, санитардык тазалыгын, тамак-ашына чейин көңүл буруп, өз коопсуздукту сактоону да баса белгиледи.

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматы