COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны көбөйгөндүктөн, Кытайдын Харбин шаарына кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазып чыкты.

Шаардын тургундарында көчөгө чыгуу үчүн коронавирус жуктурбаганын тастыктаган QR-код болушу керек. Учурда 10 миллион калкы бар Харбин Кытайдагы коронавирус тез жайылып жаткан экинчи шаар болууда. Акыркы 10 күндүн ичинде 57 адамдан коронавирус табылган.

Эске салсак алгачкы коронавирус Кытайдын Ухань шаарында өткөн жылдын декабрь айынын аягында катталган эле. Кытай бийлиги, апрель айынын башында шаардан чектөөлөрдү алып, кирип-чыгуу жандана баштаган.