Азыркы учурда Кыргызстанга Россиядан, Азиядан, Европадан, Африкадан жана АКШдан 4 миңден ашык жаран кайтып келүүнү каалап жатышат. Ошондой эле, буга чейин Россиядагы жарандардын көпчүлүк бөлүгү Россиянын токтотулуп калган каттамына авиабилеттерди алып алышкан.

Республикалык ыкчам штаб билдиргендей, Кыргызстандын жарандарынын чет мамлекеттерден кайтып келүүсү боюнча иштердин алкагында чет өлкөлөрдөгү элчиликтер тарабынан жарандардын аты-жөнү жазылган тизмеси түзүлөт жана алардын мекенине кайтып келүү жолдору менен маршруттары изделет.

Аларды алып келүү үчүн коммерциялык чартердик каттамдар уюштурулуп, 25-мартта жана 17-апрелде Түркиядан 410 жаран, ал эми 22-апрелде 177 жаран Новосибирск шаарынан кайтып келди. Алдыда 26-апрелге, 3-майга жана 10-майга Дубайдан (БАЭ) чартердик каттамдар уюштурулары пландалууда. Ал эми 28-апрелге Екатеринбургдан чартердик каттам уюштурулары пландалды. Бул багыттагы чоң иштер өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз өз ара аракеттешилип жатат. Мисалы, казакстандык тараптын колдоосу менен Кыргызстандын 325 жараны Индия, Египет, Таиланд, Малайзия, Шри-Ланка, Въетнам сыяктуу өлкөлөрдөн казакстандык авиациялык жол менен жерде жүрүүчү атайын транспорт аркылуу Казакстандын аймагына алынып келинип, Бишкекке саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин коштоосунда келишкен.