Америкалык окумуштуулардын тыянагы боюнча коронавирус COVID-19 жылуу жана нымдуу климатка чыдамы жок. Бул тууралуу INTERFAX.RU агенттиги маалымдаган.

Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү пресс-конференциянын учурунда билдирди. «Күн өткөн сайын бул душманыбыз тууралуу уламдан-улам көп нерселерди билип жатабыз.

Биздин ички коопсуздук министрлигинин (ички иштер министрлиги) окумуштуулары вирус ар кандай температурада, ар кайсы климатта, ар нерсенин үстүндө өзүн ар башкача алып жүрөөрү тууралуу доклад даярдап беришти»,  – дейт президент Трамп.

«Иликтөөлөр вирус муздакта жана кургак чөйрөдө жашоого жөндөмү артык, а жылуу жана нымдуу абалда начарлайт экен», – деди Трамп. Ички коопсуздук министрлигинин окумуштуусу Билл Брайанттын маалыматына ылайык, шилекейдеги вирустун сыртка – жерге түшкөндөн кийинки жарым жартылай кыйрашы Цельсия боюнча температура 21−23 градус, нымдуулук 20% болуп, күн тийбей турганда 18 саатын ичинде ишке ашат.

Ошол эле шартта (шилекей жерге түшкөндө), бирок 80% нымдуулукта 6 саатта чалажан болот. Цельсия боюнча температура 35 градуска көтөрүлүп, нымдуулук 80% болсо 1 саатка, ал эми жай мезгилинде 21−23 градус температурада, нымдуулук 80%ке жетип турганда 2 минутка чыдайт.

Эгерде ал абада жана аэрозолдун бөлүкчөлөрүндө болгон учурда, температура 21−23 градуска жетип, нымдуулук 20%, бирок күн тийбесе, анын жарым жартылай кыйрашы 60 минутка барабар.Бирок ушундай эле шартта, жайында күн тийип турганда — болжол менен 1,5 минутка чыдай алат. АКШнын вице-президенти Майк Пенс мындай иликтөөлөр штаттардын бийликтерине, коронавируска каршы чектөөлөрдү токтоткондон кийин нормалдуу жашоого этап-этабы менен кайтып келүүнү сабаттуу пландаштырууга жардам берет деди.